icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин директору Н.К Орунтаевдин тапшырмасына ылайык Сокулук райондук мамлекеттик курулуш башкармалыгы, Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте жумушчу коммиссия түзүлүп, Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 11-январындагы №1372/XXI «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Мыйзамынын негизинде инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү. 

Аталган иштин жыйынтыгы менен долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок өз алдынча объектилер аныкталып, соода субъектилери менен унаа жолундагы жарнак конструкцияларын жана жеңил объекттерди орнотуунун мыйзамдуулугу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлүп, тиешелүү эскертүүлөрдү берүү менен бул объектилердин иши токтотулду.   

Мындан тышкары бул объекттердин бардыгына тиешелүү билдирүүлөр берилип, учурда сотко чейинки процесс жүрүп жатат, андан соң бул объектилердин ээлерин административдик жоопкерчиликке тартуу жана уруксатсыз курулуштарды бузуу үчүн материалдарды сот органдарына өткөрүп берүү маселеси чечилет.