icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги курулушчуларга "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамын так сактоону эскертет!

КР Мамкурулуш агенттигинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан №2 Садыкова 138, 140, дарегинде жайгашкан мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок  объекти өз алдынча курулганы аныкталган.

Жеке ишкер Абыл уулу Н аттуу жаранга карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 144-беренесине ылайык чаралар көрүлүп, тактап айтканда, текшерүү актысы жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлктөрдү курууда жеке жана юридикалык жактардан финансылык каражаттарды тартуунун шарттары жөнүндө жобо бекитилгендигин жарандарга маалымдайт. Бул жобо курулушту баштоодон мурда уруксат берүүчү документтердин толук пакетин берүү менен курулуп жаткан объектилердин реестринде курулуш объектисин каттоо зарыл. Ушуга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн кыймылсыз мүлкүн сатып алардан мурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигинин курулуп жаткан объектилерин реестрине каттоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы курулушчуларга Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамын так сактоону эскертет!