icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Хан Строй" курулуш компаниясынын мыйзамсыз объектисине айып пул салынды

КР Мамкурулуш агенттигинин Жалал-Абад регионалдык мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан №48 дарегинде жайгашкан мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу жок  объекти өз алдынча курулганы аныкталган.

«Хан строй» ЖЧК на  карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 1-бөлүгүнүн 144-беренесине ылайык чаралар көрүлүп, тактап айтканда, текшерүү актысы жана укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып салынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлктөрдү курууда жеке жана юридикалык жактардан финансылык каражаттарды тартуунун шарттары жөнүндө жобо бекитилгендигин жарандарга маалымдайт. Бул жобо курулушту баштоодон мурда уруксат берүүчү документтердин толук пакетин берүү менен курулуп жаткан объектилердин реестринде курулуш объектисин каттоо зарыл. Ушуга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн кыймылсыз мүлкүн сатып алардан мурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик курулуш агенттигинин курулуп жаткан объектилерин реестрине каттоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.