icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Капиталдык оңдоо иштери сапатсыз жасалган лотоктор боюнча 12 пункттан турган эскертме жазуу берилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба

мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында лотокторду орнотуу боюнча жасалган иштердин сапатын жеринен текшерип чыгышты.

Каракол шааарынын узундугу 2150 м. ички автожолунун Тыныстанов көчөсүнүн капиталдык оңдоо иштери сапатсыз жасалгандыгы тууралуу маалымат, массалык маалымат каражатына жарыялангандыгы боюнча Ысык-Көл региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, бир айдын ичинде бузууларды чечүүгө 12 пункттан турган эскерме жазуу берилди.