icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш иши жүрүп жаткан объектилердин тосмолору орнотулуп, долбоордук паспорттору илинүүдө

КР Мамкурулуш агенттигинин Чүй облустук мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Аламүдүн районунда курулуп жаткан көп кабаттуу турак-жайлардын тосмолор менен тосулган жерлерине инвентаризация жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. 

Бүгүнкү күндө курулуш жүрүп жаткан 12 объекттин тосмолору орнотулуп, долбоордук паспорттору илинди. 

Ошондой эле курулуш аянтчасынан чыга турган жерге жүк ташуучу унаалар үчүн дөңгөлөк жуугуч жайларды орнотуу иштери тынымсыз уланууда.