icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги Япония өлкөсү менен курулуш жана санариптештирүү жаатында кызматташат

КР Мамкурулуш агенттигинде Япониядан келген жогорку даражалуу делегациянын Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Делегациянын мүчөлөрүнүн бири болуп Япония өлкөсүнүн Жер, инфраструктура жана туризм департаментинин улук директору Исикава Тору катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япония менен Мамкурулуш агенттигинин ортосундагы курулуш, башкаруу, техникалык жөнгө салуу жана санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Делегациянын иш сапарынын негизги максаты - шаар куруу жана инфраструктураны өнүктүрүүгө байланышкан ар кандай багытта өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана тажрыйба алмашуу.

Жолугушууда кызматташуунун негизги аспектилери, анын ичинде курулуш процесстерине алдыңкы технологияларды киргизүү, техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы өз ара аракеттенүү, ошондой эле шаар куруу жана долбоорлоо тармагындагы санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Улук директор Исикава Тору курулуш тармагындагы тажрыйбага терең кызыгуусун билдирди жана аны Япония менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын келечегинин контекстинде жогору баалады. Жолугушууда талкууланган идеялар жана сунуштар келечекте өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга негиз болот.

КР Мамкурулуш агенттигинин жамааты Япониядан келген делегацияга кызматташууга болгон кызыгуусу үчүн терең ыраазычылык билдирет жана келечекте да жемиштүү кызматташууну улантат деп ишенет.