icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Аймактарда курулуш объекттердин мыйзамдуулугун тактоо иштери уланууда

КР Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Бакай-Ата районунун Үрмарал өзөнүндө “Урмарал-Энерго” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан “Чакан ГЭСти” курууга архитектуралык кагаздары толук албастан, курулуш иштерин баштагандыгына байланыштуу жеринде текшерүү акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабаганына байланыштуу Укук бузуу жөнүндө протокол түзулүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, аталган курулушту жүргүзгөн “Урмарал-Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомуна 200 000 сом өлчөмүндө айып салынып, курулушту токтотуу боюнча эскертме берилди.

Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын Айтматов көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан Соода борбору Талас регионалдык мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан аталган объекттин курулушу, Кыргыз Республикасынын “Шаар курулуш жана архитектура жөнүндө Мыйзамынын талаптарын аткарылбагандыгы боюнча жеринде текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактабаганына байланыштуу текшерүү актысы менен Укук бузуу жөнүндө протокол түзулүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык, аталган курулуштун ээсине жеринен акт түзулүп, айып салынып, эскертме берилди.