icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл районундагы «Даймонт Резорт» пансионатынын мыйзамсыз курулуп жаткан коттедждерине айып пул салынды

Ысык-Көл региондук архитектуралык курулушту контролдоо башкармалыгы тарабынан Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Даймонт Резорт» пансионатынын аймагындагы коттедждердин курулушуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, Текшерүүнүн жыйынтыгы менен котедждердин долбоордук иш кагаздары толук даярдалбагандыгы аныкталды. 

“Даймонт Резорт” пансионатынын жетекчиси Э. Нургазиевге 144-беренесинин 1-бөлүгүнүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин протоколу түзүлүп, 200,000 миң сом айып пул салынды, курулушту токтотууга жана иш кагаздарын толуктоого эскерме жазуу берилди.