icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Инвентаризация боюнча жумушчу комиссия ишин улантууда

Учурда Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан  убактылуу жеңил объекттерди тартипке келтирүү (инвентаризациялоо) максатында, маалымат жана жарнак түзүмдөрү боюнча  Чүй облусунун аймагында, тактап айтканда Кемин, Токмок, Ысык-Ата, Чүй району тагыраагы Чүй районунун чыгыш тарабы боюнча райондордун башкы архитекторлору жана  Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте көчмө жумушчу комиссиясы ишин улантууда. 

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын архитектурасы шаар курулушу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому боюнча мыйзам бузуулар аныкталган, анда колдонуудагы имараттарга жана курулмаларга чатырлар, жарнак курулмалары жана башкалар уруксатсыз кошулган, ошондой эле муниципалдык аймакта жеңил типтеги убактылуу  объектилер(павильондор, күркөлөр, лотоктор ж. б) уруксат кагаздарысыз орнотулган.

Ошондой эле, жашылдандыруу элементтеринин (чакан архитектуралык формалары, тротуарлар, газондор, брусчаткалар, ирригациялык системалар ж.б.) жоктугун белгилей кетүү керек. Белгилей кетсек, жогорудагыларды эске алуу менен Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан райондордун башкы архитекторлору белгиленген тартипте мындан ары иш алып баруу үчүн шаардык жана райондук кызматтарды тартуу менен бул маселелерди чечүү тапшырылган. 

Ошондой эле, мындан ары мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн жалпы Чүй облусунунун аймагында мындан ары мындай иш сапарлык жумушчу комиссиялар жума сайын өткөрүлө тургандыгын маалымдайбыз.

Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ээлеринен мындай көрүнүштөргө жол бербөөнү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын сактоону өтүнөт.