icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасын (ИКРЗ) райондук пландоонун генералдык схемасы II-этап

1. Заказчы:  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба агенттиги.    

2. Гендолбоорлочу:     Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы                                    

3. Негизи:    КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-мартындагы № 1738-VII п.10 Токтому 

4. Иштин максаты: 

- КРдин 2004-жылдын 13-августундагы № 115 ““Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү тууралуу” Мыйзамын практикалык түрдө ишке ашыруу үчүн; 

- Инженердик-транспорттук инфраструктуранын (суу бөлүштүрүү, суу менен камсыз кылуу, энергия менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу, транспорттук тейлөө) генералдык схемасын иштеп чыгуу үчүн; 

- Ысык-Көл облусунун административдик аймактарын пландап куруунун схемасын иштеп чыгуу үчүн негиз болуп саналат. 


Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура долбоорлоо институтунун Ысык-Көлдөгү филиалы Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын Генералдык райондук пландоо схемасынын үстүндө иштөөдө төмөндөгүлөр жасалды: 

Ысык-Көлдүн жээгиндеги аймактарга изилдөө жүргүзүлүп, анын негизинде бүтүндөй Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонада шаар курууну өнүктүрүүгө талдоо, жалпылоо жана болжолдоо жүргүзүлдү, ал бул иштин 1-этабы катарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-майындагы №8 токтому менен андан ары иштөөгө жактырылган. 

2024 жылдын 31 январындагы Ыссык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын райондук планировкасынын Генералдык схемасы туралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыссык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүндө жумушчу кенешмеси өткөрүлдү.

Кенешмеге 

-Ыссык—Көл облусунун райондук мамлекеттик администрациялардын башчысы-акимдери, 

-Каракол шаарынын вице-мэри, 

-экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын башкы инспектору, 

-мамлекеттик жер ресурстары агентствосунун райондук филиалдарынан, 

-райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бөлүмдөрүнүн, 

-токой чарбачылыктары, жаратылыш парктарынан   өкүлдөрү катышты.

ЫКРЗ райондук планировкасынын Генералдык схемасы бонча маалыматтар угулуп, талкууланып томондогудой сунуштар менен Жогорку Кенештин кароосуна жөнөтүлсүн деп  чечим кабыл алынды.


Генсхеманын негизги жоболору 


Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасын өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктары аныкталган, алар: 

– бальнеологиялык (дарылоо-ден-соолук чыңдоочу) 

– туристтик (маданий-таануучулук)

– экологиялык (жаратылыш коргоочу).

Генсхеманын үстүндө иштөөнүн 1-этабынын жыйынтыгында төмөндөгүлөр жасалды:   

1. 2 км суу коргоо зонасын инвентаризациялоо схемасы (таяныч планы) иштелип чыкты, анын негизинде экологиялык жактан зыяндуу жана көлдүн экологиясына терс таасир этүүчү бир катар объектилер аныкталды. Бул – кашарлар, фермалар ат сарайлар, көрүстөндөр ж.б.у.с. барды болуп 269 райондор боюнча:    

Ысык-Көл району   – 89 

Түп району               – 49 

Ак-Суу район          – 14

Жети-Өгүз району  – 67

Тоң району               – 50 

Инвентаризациялоо схемасынын негизинде экологиялык жактан зыяндуу объектилерди көчүрүү же профилин өзгөртүү, технологияларын алмаштыруу ж.б.  жолу менен  аларды практикалык нейтралдаштыруу боюнча “10 кадам планы” аталган иш-чаралар планы иштелип чыгып, аны иш жүзүнө ашыруу үчүн обладминистрацияга жөнөтүлгөн. 

2.  Көл жээгиндеги территориялардын жер иштетүү схемалары иштелип чыкты, анын жыйынтыгында көл жээгиндеги территорияда бардык жерде болгон жер үлүшүн өздөштүрүүгө бөлүнгөн жеке менчик жерлер аныкталды. 

3. Көл жээгиндеги территорияны жаратылышты коргоо боюнча зоналаштыруу схемасы иштелип чыкты.  Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №115 “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык системасын туруктуу өнүктүрүү тууралуу” Мыйзамынын талаптарына ылайык  суу коргоо зоналары бар территорияларга аларды рационалдуу атайын багыттагы катарында төмөндөгү максаттуу:  

 – 100м. зона – курорттук сейил бактык-пляждык зона;

– 500м. зона – курорттук санаториялык-ден соолук чыңдоочу зона функциялары менен пайдаланууну камсыз кылуу максатында “курорттук” юридикалык статусун берүү зарыл.  

- 2 км суу коргоо зона-  селитебдик-ондуруш зонасы    

Аларга “курорттук” статусун берүү курорттук- рекреациялык комплекстер катарында көл жээгиндеги территорияларды өздөштүрүүнү цивилизациялуу жол менен калыптандырууга жана атайн багыттагы территория катарында ыраттуу түрдө курорттук салык салууну киргизүүгө мүмкүндүк берет.   

4. Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонаны райондоштурунун Генералдык схемасынын Концепциясы иштелип чыкты; 

5. Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонанын көл жээгиндеги территориясын калыптандыруунун Шаар куруу модели иштелип чыкты;

6. Ысык-Көлдүн экологиялык системасынын сыйымдуулугу аныкталды (болжол)