icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамукурулуш агенттиги, социалдык объектилердин курулуш сапатын текшерүүдө

2024-жылдын 31-март күнү, КР Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Талантбек Иманакун уулунун жетекчилигинде Чүй облусунда курулуп жаткан объектилер боюнча комиссиялык кыдыруу болду.

Сапардын жүрүшүндө Ала-Арча айылындагы орто мектептин курулушу менен таанышты.

Аталган мектептин курулуш-монтаждоо иштеринин сапаты, ошондой эле курулуштун бүткөрүү графиги текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында подрядчыга аткарылган курулуш-монтаждоо жумуштарынын сапаты боюнча сын-пикирлер айтылды жана оңдоп-түзөө боюнча белгилүү мөөнөттүн ичинде майда кемчиликтерди оңдоого тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Новопавловка айылындагы эки мектептин курулушу текшерилди:

 1. Ч.Айтматов атындагы лицей-мектебинин кошумча имаратынын курулушу, текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери долбоордук чечимдерге ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. 

2. Новопавловка айылындагы мектептин курулушу акыркы баскычтагы иштери калып, учурда тазалоо жана эмеректерди коюу иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү учурунда подрядчы бүтүрүү иштерин өз мөөнөтүндө аткарылып жаткандыгы аныкталып, подрядчы уюмунун жетекчисине ишти КНжЭ жана ГОСТ талаптарына ылайык жүргүзүү тапшырылды.

Ошондой эле Сокулук айылындагы Жакшылыков атындагы мектептин курулушу текшерилди. Алдын ала маалыматтар боюнча курулуш материалдарынын баасы көтөрүлө электе долбоордук документтери түзүлүп, курулуш иштери тоңуп калган. Учурда курулуш-монтаждоо жумуштарынын өзүнө турган наркы кайра эсептелип жатат.