icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Н.К. Орунтаев Чүй облусундагы социалдык объекттердин курулуш иштерин текшерди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Медетканов жана Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы менен биргеликте Чүй облусунда курулуп жаткан объектилер боюнча комиссиялык кыдыруу болуп өттү.

Жумушчу комиссиянын жүрүшүндө Новапавловка мектеби, Чыңгыз Айтматов мектеби, Сокулук районунда жайгашкан стадион, Жакшылыков мектеби, Манас айылынан Манас мектеби жана Жаңы-Жер айылында жайгашкан мектеп каралып, жогоруда аталган объекттердин курулуш иштерине анын сапатына текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү башкармалыктарга тийиштүү тапшырмалар берилди.