icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кемин районунда башкы архитектор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кадрдык реформаны жүргүзүү иш аракетинин алкагында Ахматов Асанкары Садыркулович Кемин райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына начальниги болуп дайындалды. Билими жогорку, архитектура тармагында иш тажрыйбасы жетиштүү. Жаңы дайындалган башкы архитектор Ахматов Асанкары Садыркуловичти эмгек жамаатка Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Мурзакулов Чолпонбек Станбекович тааныштырды.