icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулушта сертификаттоонун республикалык борборуна жаңы жетекчи дайындалды

Бүгүн, 2024-жылдын 4-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Джантелиев, Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Кожобеков Кубанычбек Маликович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун жетекчиси болуп дайындалды.

Кубанычбек Кожобеков көп жылдык тажрыйбасы бар куруучу, буга чейин Чүй регионалдык архитектура жана курулуш башкармалыгынын, Жеке менчик үй куруу жана дежурдук ген план бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.