icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Объекитилерди мыйзамсыз жайгаштырган жарандарга эскертүүлөр берилүүдө

Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жана түзүлгөн комиссия менен биргеликте район аймагында болушту. 

Анда Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагындагы жол боюндагы курулуштарды, тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырган жарандарга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы  №56 “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын  20-февралында  №60б сандуу буйругу чыгарылып, анын алкагында атайын райондук комиссия түзүлгөн.