icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Лейлек районундагы мыйзамсыз курулушар буздурулууда

Мыйзамсыз курулуштарга жол жок. 

Бул боюнча Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тиешелүү мекеме-ишканалар арасында түзүлгөн комиссия курамы менен биргеликте аракетин көрүп келет. 

Анын алкагында 2024-жылдын 5-апрелинде  Лейлек районунун Раззаков шаарындагы эл аралык маанидеги жолдун боюнда жайгашкан мыйзамсыз жеңил объектилер, жол тарапка чыгып мыйзамсыз тосулган тосмолор буздурулду. Ошону менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.