icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кара-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кадрдык реформаны жүргүзүү иш аракетинин алкагында Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалы.

Жаңы дайындалган жетекчи Жумабеков Жоодарбек Жумашбековичти эмгек жамаатка Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары З.Бозов тааныштырды.

Жаңы дайындалган жетекчиге Мамлекеттик курулуш агенттиги тарабынан райондун курулуш чөйрөсүн ирээтке келтирүү, аймактын инфраструктурасынын жакшырышына изденүү менен талыкпай кызмат кылуу тапшырмасы коюлган.