icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

КР Мамкурулуш агенттиги, Нарын облусунда курулуп жаткан социалдык объекттердин курулуш сапатын текшерүүдө

2024-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлары Самат Джантелиев, Бакай Турдугулов Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, оңдоп түзөө жана курулуп жаткан  социялдык объектилердин абалы менен таанышышты.

Иш сапардын жүрүшүндө төмөнкү объектилерге барышты:

1. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы - Сейитказы Андабеков атындагы Маданий-Спорт ордосу.

2. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Баш-Кайынды айылынын - 120 орундуу бала бакчасы.

3. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылынын - Жолдубай Кайыпов атындагы 150 орундуу орто мектеп.

4. Нарын облусунун Нарын шаарындагы - А. Сыдыков атындагы 375 орундуу орто мектеби.

5. Нарын облусунун Нарын шаарындагы В. Чкалов атындагы мектебине 500 орундуу кошумча корпусу.

6.  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айылынын - Ш. Рысмендеев атындагы   375 орундуу орто мектеби.

7.  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылынын - И. Арабаев атындагы 500 орундуу орто мектеби.

8.  Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Тоо айылынын - Абдылдаев атындагы 275 орундуу орто мектеби.

Социалдык объектилердин курулуш иштери менен таанышып чыгып, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов жана орун басары Марат Жумабек уулуна курулуштун сапаты мыкты болуусун, берилген убакыттын ичинде бүтүрүүсүн талап кылышып, курулушка тиешелүү тапшырмалар берилди.