icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ош шаарындагы мыйзамсыз салынган "МАНАС АТА" кафеси буздурулууда

Ош шаарынын №6 “Курманжан-Датка” МАБнын А.Шакиров көчөсүнүн №152 дарегинде жайгашкан менчик жерине 2-кабаттуу жеке турак үйдү долбоорлого Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан   2018-жылдын 18-майында №168-18-ж. сандуу Инженердик-Техникалык Шарттары берилген.

               2018-жылы “Континент Сервис” ЖЧКму тарабынан шифр 09-18 сандуу долбоор жасалып 2018-жылдын 13-июлында  Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башкы архитекторунун орун басары тарабынан макулдашылган.

                2018-жылдын 14-сентябрында №ГЭ-СТ-378-18 сандуу  “Мамлекеттик экспертизанын оң кортундусу жеке менчик турак үй курууга берилген.                

Ош шаарынын №6 “Курманжан-Датка” МАБнын А.Шакиров көчөсүнүн №152 дарегинде “Манас Ата” кафенин ээси Нематов.Ю. тарабынан өзүм билемдик кылып 2-кабаттуу жеке менчик турак үйдү макулдашылган долбоордон сырткары кеңейтип өз алдынча кафеге өзгөртүп алган. 2019-жылдын 09-апрелинде архитектуралык иш кагаздарын көрсөтүү боюнча №019315 сандуу текшерүү актысы түзүлүп ошол эле күнү №009026 сандуу бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилген.  

Берилген бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуунун талаптарын аткарбагандыктан 2019-жылдын 24-апрелинде №0036559 сандуу контролдук текшерүү актысы түзүлүп Ош шаардык сотуна доо арыз берилген.

Ю.Нематов “Манас Ата” кафесине архитектуралык иш кагаздарын жана мамлекеттик экспертизанын оң кортундусун албай туруп жана мамлекеттик эксплуатацияга кабыл алынбай туруп өз алдынча кафенин ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. 

2023-жылдын 17-февралында Ош шаардык сотунда доо арыз берилип.

2023-жылдын 5-июлунда №ГД01134-23-06 сандуу Ош шаардык сотунун Чечиминин негизинде  Ош шаарынын №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын  А.Шакиров көчөсүнүн №152 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1727,3 метр кв. түзгөн өз алдынча курулган имараты жоопкер Нематов Юлдашбай Эргашович жана Исакова Гульжан Мамытовналардын эсебинен мажбур иретинде өз эсебинен буздурулсун деген чечим чыккан. 

Доо арыздын калган бөлүгү канаатандыруусуз калтырылсын. 

“Манас Ата” кафенин ээси Нематов Юлдашбай Эргашович жана Исакова Гульжан Мамытовналар 2023-жылдын 5-июлунда №ГД01134-23-06 сандуу Ош шаардык сотунун Чечимине  Аппеляцилык даттану менен Ош областык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясына кайрылган.  2023-жылдын 27-сентябрындагы Аныктаманын негизинде 2023-жылдын 5-июлундагы чечими өзгөртүүсүз, жоопкерлер Ю.Нематов менен Г.Исакованын өкүлү Ж.Барынбаевдин аппеляциялык даттануусу канаатандыруусуз калтырылган.

  2024-жылдын 17-январында саат 10-30да, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун имаратында каралып Ош шаардык сотунун чечими күчүндө калтырылып чечим мыйзамдуу күчүнө кирип Ош шаардык сотунун сот аткаруучуларга мажбур иретинде буздуруу боюнча кат жолдонуп 2024-жылдын 11-апрель күнү саат 11-00 го дайындалган.