icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы темир бетон жана бетон өндүрүүчү "ЖБИ-4" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Мамкурулуштун директору Н.К. Орунтаев Ош шаарындагы темир бетон жана бетон оңдүрүүчү “ЖБИ-4" заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Иштин жүрүшүндө өндүрүлгөн темир-бетон буюмдарынын жана конструкцияларынын ассортименти, өндүрүштө колдонулган материалдардын сапаты каралды.

Н.К. Орунтаев республика боюнча курулуп жаткан социалдык объектилердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу подряддык уюмдарды курулуш материалдары менен толук жана өз убагында камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү муктаждыгын баса белгиледи.