icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

"Комстройсервис" ЖЧКсын лицензиясынан ажыратуу маселеси каралат

Буга чейин, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура - курулуш  контролдоо башкармалыгы тарабынан "Комстройсервис" ЖЧКсына карата административдик чаралар көрүлүп, иш сот органдарына өткөрүлүп берилген. 

Учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат, бирок Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин директору менен биргеликте жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө, "Комстройсервис" ЖЧКсы тарабынан Достук кичи районундагы  11/1 үйүнүн жайгашкан имараттын сырткы жылуулоосун орнотуу иштери жүрүп жатканы аныкталды. 

Биринчи талап менен курулуш-монтаждоо иштери токтотулуп, жумушчу персоналы курулуш объектисинен чыгарылды. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы Мамкурулуштун дарегине жогоруда аталган шаар куруу субъектисин лицензиясынан ажыратуу жөнүндө маселенин кароо үчүн кат жөнөттү.