icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан салынган Арчалы-Кыйма унаа жолунун курулуш сапаты текшерилди

Чүй региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы, Арчалы-Кайырма унаа жолунун курулушунун сапаты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында (Кактус медия) айтылган маалыматтарды кароодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда көчмө комиссия түзүлдү.

Жолду текшерүү учурунда айрым жерлерде жолдун чыгыш тарабында бузулуулар (чуңкурлар) бар экендиги аныкталган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан жаңы жолдун курулуш иштери жүргүзүлбөй, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн (4000 метр).

Ошол эле учурда, Кайырма айылынын жергиликтүү тургундарынын айтымында, жолдун бузулушу «Тоо-Шагыл» ЖЧКсынын карьеринен уруксат берилген жүк көтөрүмдүүлүгүнөн ашкан оор жүк ташуучу унаалардын (ХОВО) өтүүсүнүн натыйжасында болууда.

Текшерүү иш сапарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине юридикалык баа берүү үчүн материалды укук коргоо органдарына өткөрүп берүү чечими кабыл алынган.