icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине башкы, улук жана кенже категориядагы кызмат орун

Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын бардык топторуна жалпы квалификациялык талаптар

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

4) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

7) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

8) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

9)"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

4) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

5)"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

* Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

* Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, "ТОКТОМ Мамлекет Про" Маалыматтык-укуктук системасы).

Административдик кызмат орундарынын башкы топтору үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

-архитектура, шаар куруу, курулуш (инженер-куруучу, инженер-экономист адистиги), курулуш материалдарын өндүрүү, экономика, финансы, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, журналистика, лингвистика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

2) "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамын;

3) "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” "Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114" Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы №95 “Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;

6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомун.

Жөндөмдүүлүгү:

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

- электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

- КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;

- кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

- кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

Административдик кызмат орундарынын улук топтору үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

-архитектура, шаар куруу, курулуш (инженер-куруучу, инженер-экономист адистиги), курулуш материалдарын өндүрүү, юриспруденция, экономика, каржы, эл аралык мамилелер, маалыматтык - коммуникациялык технологиялар жаатындагы техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенциялар:

Төмөнкүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

2) “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

3) "Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө” "Кыргыз Республикасынын мыйзамын;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114" Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;

5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомун.

Жөндөмдүүлүгү:

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

- электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

- КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;

- кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

- кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

Административдик кызмат орундарынын кенже топтору үчүн квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

-архитектура, шаар куруу, курулуш (инженер-куруучу, инженер-экономист, стандартташтыруу адистиги), курулуш материалдарын өндүрүү, юриспруденция, экономика, каржы, лингвистика, маалыматтык- коммуникациялык технологиялар жаатындагы техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билим.

2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциялар:

Төмөндөгүлөрдү билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин;

2) "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы №114" Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы №44 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомун.

Жөндөмдүүлүгү:

- статистикалык маалыматтарды талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо үчүн маалымат өндүрүү;

- электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;

- издөө системаларын колдонуу;

- ар кандай браузерлер менен иштөө;

- презентацияларды уюштуруу;

- маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;

- КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;

- кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүү;

- кеңсе техникасы менен иштөө: көчүрмө аппараттар, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс.

 

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

* жеке арыз;

* резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), сүрөтү бар жеке баракча,

автобиография (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);

* нотариалдык же акыркы иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин (бар болсо) көчүрмөлөрү;

* нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);

* окумуштуулук даража жана окумуштуулук наам ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү • бар болсо);

* паспорттун көчүрмөсү.

* мурунку иштеген жеринен сунуш кат же мүнөздөмө (болсо, сөзсүз).

Эскертүү: бардык документтер кызмат орундарынын тобун көрсөтүү менен скоросшивателге тиркелиши керек. Конкурска андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Манас проспекти, 28 каб. 204, 2023-жылдын 7-сентябры саат 18-00 чейин. Сурап-билүү телефону (0312) 31 29 82