icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

43 жаңы мектеп жана 5 спорт зал ачылды

Президенттин колдоосу жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын көзөмөлү астында 1-сентябрда өлкө боюнча 43 мектеп жана 5 спорт зал окуучулар үчүн эшигин ачты.

Жаңы окуу жылына 36 мектепти бүткөрүү пландалган, бирок бүгүнкү күндө алардын саны 43кө жетти. 

Азыркы учурда курулушчулар башка объектилерди да убагында бүткөрүү үчүн бардык аракеттерин жумшап жатат.

Жалпы республика боюнча 204 мектептин имараты башталып, анын 100 мектеби 2023-жылдын аягына чейин бүткөрулүп, колдонууга тапшырылат.