icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Жаңы мектепте кош майрам

Бишкек шаарындагы №18 мектеп-гимназиясынын кошумча окуу корпусунун курулушу аяктап, окуучуларды кабыл алды.   

Жаңы мектеп эки кабаттуу эки окуу корпусунан түзүлүп, 225 орунга эсептелген. Окуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралган. 

Кошумча корпустун долбооруна ылайык, негизги класстык кабинеттерден сырткары компьютердик класс, физика, химия, биология, чет тил сабактары боюнча жана кол эмгек класстары, лабороториялар каралган. Андан сырткары, жаңы ачылган мектепте китепкана жана дарыгердик кабинети дагы бар.

Эске салсак, мектептин имаратынын курулушу 2019-жылы башталган.