icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров, ЖКнын спикери Н. Шакиев жана Мамкурулуштун директору М.Жыпаркулов Аксы районундагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагына караштуу Дардак-Дөбө айылындагы А. Кулубаев атындагы №64 негизги жалпы билим берүүчү мектебинин  курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталып, 2023-жылдын 1-сентябрында 1-2-кабаттары толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды.

Спорт залдын фундаменти, дубалы тургузулуп, жылытуу системасы бардык кабинеттерге өткөрүлүп, электр чубалгылары тартылган. От казандар жаңы курулду. 

Мектептин алдына брусчатка төшөлүп, имараттын айланасы асфальтталды. Азыркы учурда лотоктор коюлуп жатат.

Эске салсак, окуучулар буга чейин билим-тарбия алып келген мектептин имараты 1964-жылы Аксы райондук жол башкармалыгынын конторасы болуп курулган. 2005-жылы Дардак-Дөбө айылында калктын саны көбөйүп, мектепке муктаж болгондуктан, бул имарат 60 орундуу башталгыч мектеп болуп ишке берилген.

Мектепте 165 окуучу билим алып, имарат 4 класстык бөлмөдөн турган. Жыйын зал, спорт зал, балдар үчүн ашканасы жок, класстар жетишсиз болчу. 

Аталган райондо бул мектепке утурлай К. Кулназаров атындагы №56 жалпы орто билим берүү мектеби да балдар үчүн эшигин ачты. Мектептин курулуш иштери 2018-жылы башталып, 2023-жылдын 1-сентябрына карата 1-2-кабаты толугу менен бүткөрүлүп, керектүү эмеректер менен жабдылды. Буга чейинки мектептин имараты 1 кабаттан туруп, 100 орунга ылайыкташтырылса, жаңы мектеп 2 кабаттуу жана 150 окуучуну батыра алат. 

Бүгүнкү күндө мектептин алдына асфальт төшөлүп, жылытуу системасы бардык кабинеттерге өткөрүлүп, электр чубалгылары тартылган. Ал эми спорт залынын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Аксы районунда жаңы курулуп, колдонууга тапшырылган 3- мектеп -  К. Алымкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектеби. Ал Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылында жайгашкан. 

Эски мектептин долбоордук кубаттуулугу 100 орунга эсептелсе, жаңы мектеп 2 имарттан туруп, 225 орунга ылайыкташтырылды. Мектептин курулуш иштери 2019-жылы башталып, 2023-жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп,  колдонууга тапшырылды. Мектепке жаңы откана курулуп, алдына брусчатка төшөлгөн.