icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин имаратында 

Мамкурулуштун директорунун биринчи орун басары Джантелиев Самат жана директордун орун басары Талант Иманакун уулу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору Темиркулов Азамат жана орун басары Мадыбаева Асель менен жолугушту. 


Анда өлкөдөгү коомдук имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн эл аралык климаттык каржылоону тартуу үчүн иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө талкуу болуп, презентация көрсөтүлдү.


“Кыргыз Республикасындагы коомдук имараттарга аз көмүртектүү инвестициялардын тобокелдиктерин азайтуу”долбоорунун концепциясы Мамкурулуштун жана Климаттык каржылоо борборунун адистери менен бирге түзүлгөн.