icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

140 орундуу жаңы бала бакча

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар айылында 140 орундуу бала бакчанын курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Объектти куруу 2014-жылы башталып, бүткөрүлбөй келген. 


Долбоорго ылайык балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн санитардык нормаларды сактоого жана билим берүү программаларына ылайыкталган шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим чечүүчү жайлар, ашкана, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар өтүүчү бөлмө жана медициналык кабинет каралган.

Жаш балдар үчүн эң керектүү заманбап оюн-зоок аянтчасы да бар.