icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон дагы 40 мектепте курулуш иштери кызуу журүп жатат.

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасына ылайык, 100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылында Эркинбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. 


  Мектепти куруу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордук кубаттуулугу 150 орунга эсептелген. 

Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 1195,0 чарчы метрин түзөт. Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Негизги окуу класстарынан сырткары, концерттик иш-чаралар өтүүчү зал, англис жана орус тили кабинеттери, химия, биология лабораториялары, эмгек каанасы, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган.