icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш жол куруудагы сапатсыздыкты аныктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги  «Temelsu» компаниясынын консультанттары, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ГРИП АБР инженерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы "№5 Кытай темир жол инженердик группалык компаниясынын" ФКОО подрядчылары менен биргеликте  БАРЭК (Борбордук Азиялык региондук экономикалык кызматташтык Программасы) коридорун жакшыртуу долбоору  боюнча Бишкек-Ош, Бишкек-Кара-Балта автожолунун курулушун текшерүүдө жол тилкесинин сапаты боюнча көптөгөн сын-пикирлер жана дал келбестиктер аныкталды.


Жыйынтыгында Мамкурулуштун алдындагы Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти  жол тилкесинин сапаты боюнча аныкталган сын-пикирлерди жана дал келбестиктерди жоюу үчүн толук чараларды көрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. 

Азыркы учурда подрядчылар  тарабынан курулуп жаткан жолдун үстүнкү катмарын алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.