icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

АӨБ менен 2026-2036-жылдарга ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация секторун өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу боюнча жолугушуу өттү

Мамкурулуштун имаратында директордун орун басары Б. Станбеков Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда тараптар 2026-2036-жылдарга ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тармагын өнүктүрүүнүн жаңы программасын иштеп чыгуу боюнча талкуу жүргүзүштү. Программа калкты сапаттауу ичүүчү суу менен камсыз кылууну жогорулатууга, калктын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга, ичүүчү суу менен жабдууну жана канализацияны куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализация тутумун өнүктүрүү программасы жөнүндө Токтом кабыл алган. Учурда 715 айылда ичүүчү суу түтүктөрүн, канализация жана тазалоочу курулуштарды куруу иштери жүрүп жатат.

Ошентсе да, аткарылып жаткан иштерге карабастан, айыл статусуна ээ болгон калктуу конуштардын жана райондук борборлордун олуттуу бөлүгү дагы эле ичүүчү суу менен камсыздоону жана канализацияны жакшыртууга муктаж.