icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулушка караштуу Турак жай департаменти: 288 батир «Менин үйүм — 2021-2026» долбоорун ишке ашыруу максатында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөт

Жалпы аянты 15062 чарчы метрди түзгөн 288 батир Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлөт. Жалпысынан 616 млн 85,6 миң сомго бааланган бул батирлер «Артис Глобал Ко ЛТД» жана «Кыргыз Каганат» курулуш компанияларына таандык.

Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, батирлер аталган компаниялар менен Мамкурулушка караштуу Турак жай департаментинин ортосундагы 2018-жылы түзүлгөн келишимге ылайык берилгени жатат.