icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамкурулуш уруксатсыз курулуш иштерин жүргүзбөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого чакырат

Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкектеги Юнусалиев көчөсү 92, 94 дарегинде жүрүп жаткан курулуш иштерине күтүүсүз текшерүү жүргүзүп, анын негизинде курулуш көп кабаттуу имарат куруу максатында жүрүп жаткандыгын аныктаган. Бирок, курулуш компаниясынын өкүлдөрү объектке тиешелүү долбоордук-сметалык жана уруксат кагаздарын көрсөтүшкөн эмес.   

Текшерүүнүн жыйынтыгында Мамкурулуштун кызматкерлери тарабынан курулуш компаниясынын ишмердүүлүгүнө карата Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптары сакталбагандыгына байланыштуу текшерүү жөнүндө акт жана мыйзам бузгандыгы тууралуу протокол түзүлдү. 

Бүгүнкү күндө уруксат кагаздары жана тийиштүү документтер толук көрсөтүлгөнгө чейин объектте бардык курулуш иштери толук токтотулду.