icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткенде бөбөктөр үчүн бардык керектүү шарттары менен 2 кабаттуу бала бакча ачылды

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушу мамлекет тарабынан каржыланып, жалпы аянты 406,4 чарчы метрин түзөт. 

Долбоорго ылайык бала бакчада балдар үчүн санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган төмөндөгү шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүү үчүн бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары гимнастика менен машыгуу үчүн бөлмө, музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет каралган. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн зоналары - жабдылган аянтчалар курулду.

Бүгүнкү күндө бала бакчанын курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, эмерек жана техникалык жабдуулар менен камсыздандырылды.