icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2014-жылдан бери бүтпөй турган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга тапшырылды

Ош облусунун Араван районунун Тоо-Моюн айылындагы “Кызыл-Талаа”  мектебинин курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен 2014-жылы башталган.

Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1780,3 чарчы метрин түзгөн билим берүү объектисинин долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген.

Жаңы мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн: негизги класстардан сырткары компьютердик класс, химия, физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар, дарылоо кабинети, китепкана, ашкана жана концерттик зал.