icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

375 орундуу мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айылында 375 орундуу Максатбек Эсенкелди уулу  атындагы мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Мектеп окуу корпусунан, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 2900 чарчы метр.

Бүгүнкү күндө окуу корпусунун курулуш жумуштары толугу менен бүтүп, керектүү эмерек менен жабдылды.