icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Ноокат районунда гимнастика менен машыгуу залы бар жаңы бакчанын курулуш иштери аяктады.

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулду. 

Объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бала бакчанын имараты 2 блоктон турат, жалпы аянты 1281,6 чарчы метрин түзөт.

Долбоорго ылайык, бакчада балдар үчүн уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык кабинет, гимнастика менен машыгуу залы, дарылоо кабинети  каралган.