icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Долбоордук-сметалык документтерди электрондук форматта тапшыруу жана портал аркылуу мамлекеттик экспертизанын корутундусун алуу мүмкүнчүлүгү

2023-2026-жылдарга санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн электрондук форматка өтүүсү боюнча Мамкурулушка караштуу Курулуштун долбоордук-сметалык документтерине мамлекеттик экспертиза жүргүзүүдө «Инфоком» МИ тарабынан иштеп чыгарылган “Долбоордук-сметалык документтердин мамлекеттик экспертизасы” маалыматтык системасынын демонстрациясы көрсөтүлдү.

Бул маалыматтык система долбоордук-сметалык документтерди экспертизадан өткөрүүдө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, ачыктыгын жана ыңгайлуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкты. Система аркылуу долбоордук-сметалык документтерди электрондук форматта берүүгө жана портал аркылуу мамлекеттик экспертизанын корутундусун алуу мүмкүнчүлүгүн жаратат.