icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү Э. Джантаев жана Ош шаарынын мэри Б.Жетигенов менен жолугушту.

Жолугушуу алкагында Ош облусунда, шаарында жана райондордогу шаарларда инфраструктуранын жакшырышында Мамлекеттик курулуш агенттигинин орду чоң экендиги жана буга байланыштуу алдыда жасала турчу жумуштар тууралуу сөз болду.  Сүйлөшүү учурунда директор Орунтаев Нурдан Кемелович төмөнкүлөргө токтолду:

- Ош шаарынын деталдык пландоо долбоорун бекитүү (ПДП);

- Администрациялык теориялык реформаны жыйынтыктоо (АТР);

- шаар ичинде жана райондордо журуп жаткан курулуштардын сапатын көзөмөлдөө, объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү;

- өз билемдик менен курулган курулуштар боюнча алгылыктуу иштерди жургүзүү жана алдын алуу;   


Орунтаев Нурдан Кемелович сөзүнүн аягында жергиликтүү бийлик менен мындан ары тыгыз иш алып барарын баса белгилеп кетти.