icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкекте 30-ноябрдан 1-декабрга чейин “Мейкиндикти өнүктүрүү. Жаңы санариптик чындык” BIFSD 2023 Эл аралык форуму өтүп жатат.

Иш-чара бийлик өкүлдөрүнүн, чет элдик уюмдардын жана IT – адистеринин катышуусунда өтүүдө. Анда кызматташтыктын келечектүү багыттары жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруудагы актуалдуу темалар талкууланды.

Форумдун негизги багыты геомейкиндиктик маалыматтарды иштеп чыгууга, ошондой эле кыймылсыз мүлккө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө багытталган.

Эл аралык дэңгээлдеги иш-чарага Мамлекеттик курулуш агенттигинин директорунун санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Б.К. Станбеков жана административдик-уюштуруучулук камсыз кылуу жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы Ж.З. Бекболотов катышты. Форумдун жүрүшүндө бөлүм башчы Ж.З. Бекболотов атайын даярдалган “Курулуш тармагына санариптик башкаруу механизмдерин киргизүү”  аталышындагы презентациясын көрсөттү.