icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Баткен облусунда эң чоң ирригациялык долбоор ишке ашырылууда.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович Баткен облусуна болгон иш сапарында Кадамжай районундагы  "Алгакадам" коомдук бирикмеси менен жолугуп, долбоордун  ишмердүүлүгү менен таанышты. 


“Алгакадам" 2022-жылы долбоору мамлекет жана жергиликтүүлөр ортосунда түзүлгөн инновациялык коом. Анын максаты Кадамжай районунун Кара-Жантак массивинде жайгашкан айыл чарба өндүрүшүнө жараксыз, дын жаткан тоо тектеш жерлерди агын суу менен камсыздоо. 


Долбоордун алкагында узундугу 25км болгон каналдын курулушу, анын ичинде жалпы узундугу 6535м болгон 3 тоннель куруу каралып, курулушка зарыл болгон 2 экскватор, 2 бетон аралашмасын жеткирүүчү атайын техника, 1  оор техникаларды жеткирүүчү трайлер, 1 асма кран, эн оор болгон тоннелдерди казуу бөлүгүнө шахта куруучу атайын техникалар алынган. 

Долбоор ишке ашса 4200 га жер өздөштүрүлүп, сугат суу менен камсыздалат жана  7600 дөй кожолук бул  суудан пайдалана алат.

Канал куруу долбоорун аяктоо 2024-жылдын декабрь айына пландалган.