icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

30 жылдан ашык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөн Нарындагы Маданият үйүнүн жаңы имараты

Нарын облусунун Ат-Башы районунун С.Андабеков атындагы Маданият үйү ишмердүүлүгүн 1991-жылы баштаган.  Пайдаланууга тапшырылгандан бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес. Чатырынан суу тамып, дубалдарынан жарака кетип, эмеректери, эшик-терезелеринин эскилиги жеткен абалдагы Маданият үйү Мамкурулуштун көзөмөлүнө алынып, капиталдык ремонттон өткөрүлдү.  Буга чейин иштебей турган  жылуулук системасы оңдолду. 

Бүгүнкү күндө объекттин куурулуш иштери дээрлик аяктап калды. Жыл аягына чейин пайдаланууга тапшыруу күтүлүүдө.