icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Свердлов районунун Крым көчөсү,80 дарегинде жайгашкан тиешелүү уруксат кагаздары жок жеңил типтеги (контейнерлерден) складтын курулушу аныкталган. Жердин ээсине мыйзам

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан Свердлов районунун Крым көчөсү,80 дарегинде жайгашкан тиешелүү уруксат кагаздары жок жеңил типтеги (контейнерлерден) складтын курулушу аныкталган. Жердин ээсине мыйзам  бузууларды четтетүү тууралуу эскертме жазуу берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 144-беренесине ылайык айыппул салынган. Өзүм билемдик менен салынган курулушту буздурууга Бишкек шаардык Свердлов райондук сотуна доо арыз жиберилген.

Бүгүнкү күнгө карата , мыйзамсыз  курулуштун ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаж  иштери жүргүзүп жатат.