icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2015-жылы башталган 225 орундуу мектептин курулуш жумуштары бүткөрүлдү

100 мектепти бүтүрүүнүн алкагында Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы 225 окуу орундуу мектептин курулушу аяктады.

Объекттин курулушу 2015-жылы мамлекеттик  бюджеттин эсебинен башталып, долбоордук кубаттуулугу 225 орунга эсептелген. 

Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 2517 чарчы метрин түзөт.