icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Курулуш компаниясында мыйзам бузуу фактысы аныкталды

Мамкурулушка караштуу Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө Малдыбаева көчөсү, 14, 15 дарегинде курулушка долбоорлоо жана уруксат берүүчү документтери жок объект курулуп жаткандыгы аныкталган.  

Мамкурулуштун кызматкерлери тарабынан текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча буйрук чыгарылган. 

Бүгүнкү күндө Мамкурулуш тарабынан курулуштагы мыйзам бузууларды жоюунун алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.