icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 9-декабрда жарыяланган коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата 2023-жылдын 8-декабрында — Мамкурулуштун Мамлекеттик экспертиза департаменти кызматкерлер үчүн «Коррупция жана антикоррупциялык ыкмалар жана мех

БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 9-декабрда жарыяланган коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата 2023-жылдын 8-декабрында — Мамкурулуштун Мамлекеттик экспертиза департаменти кызматкерлер үчүн «Коррупция жана антикоррупциялык ыкмалар жана механизмдер» деген темада маанилүү иш-чара өткөрдү.

Бул иш-чара курулуш тармагында коррупцияга каршы маданиятты күчөтүүгө жана кызматкерлердин коррупциянын кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Коомубуздун негизги элементтеринин бири болгон курулуш сектору, тилекке каршы, сөзсүз түрдө коррупциянын таасирине кабылууда. Курулуш тармагындагы коррупция анын эң олуттуу көрүнүштөрүнүн бири катары каралып, бүтүндөй коом үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Долбоор алдындагы сапатсыз иштер, долбоордук документтердин шайкеш келбеши жана курулуш процессинде тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу - бул факторлордун бардыгы көптөгөн адамдарга таасир эткен оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Ар бир адам курулуш тармагындагы коррупцияга таптакыр жол берилбестигин жана коррупция менен байланышкан бардык мыйзам бузууларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чара көрүлөөрүн түшүнүүсү маанилүү.

Мамкурулуш өз кезегинде бүткүл өлкө боюнча курулуштун коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу үчүн жооптуу болуп, учурда мамлекеттик органдын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана жоюу боюнча активдүү саясатты жүргүзүүдө.

«Биз бардык жарандарды бул процесске активдүү катышууга, сак болууга жана бардык шектүү коррупциялык фактыларды 0312 31 28 06 ишеним телефонуна жана office@gosexpertiza.gov.kg электрондук почтасына билдирүүгө чакырабыз.

Биргелешкен аракеттер менен гана биз ар бир адам коопсуздукка жана бакубаттуулукка ишене ала турган коррупциясыз коом түзө алабыз.