icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

2023-жылдын башынан бери Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө 1507 арыз түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамкурулуштун Мамлекеттик экспертиза департаменти долбоордук документтерди түзүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү стадиясында курулуш объектилеринин коопсуздугун контролдойт жана камсыз кылат.


Өз компетенциясынын чегинде курулуш тармагындагы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларын так жетекчиликке алат.

2023-жылдын башынан бери Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтерди мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө 1507 арыз түшкөн.

Алардын ичинен мамлекеттик экспертизанын жыйынтыгы боюнча:

- 1068 долбоор ченемдик-техникалык документтерге ылайык келтирилип, мамлекеттик экспертизанын оң корутундусу алынган.

- 148 долбоор каралууда;

- 291 бирдик долбоордук-сметалык документация кайра иштеп чыгууга кайтарылган.


Долбоордук-сметалык документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Манас пр., 28 дареги боюнча Мамлекеттик экспертиза департаментинин «Бирдиктүү терезе» бөлүмү жана анын аймактык бөлүмдөрү аркылуу кагаз жүзүндө, ошондой эле электрондук форматта www. gosexpertiza.gov.kg.


Бардык суроолор боюнча биз менен телефон аркылуу байланышыңыз

0312 312676, 0312 312650.