icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди ачуу аземи өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 11-декабрда, Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Самаркандек айылында жаңы курулган оорукананын жана Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.


Ошол эле маалда Мамлекет башчысынын катышуусу менен онлайн форматта аталган аймакта бир катар социалдык объектилердин ачылышы болуп өттү.


Садыр Жапаров бул жакшы саамалыктар - Баткен облусундагы Бусурманкул Ходжаев атындагы мектептин жана башка бир топ социалдык объектилердин ачылыштары менен куттуктады.

Ал “Кыргызстан Баткенден башталат, Баткен өнүксө, өлкөбүз өнүгөт” деген ураан астында мамлекет жалпы Баткен аймагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыты катары кабыл алып, бир топ иштерди жасоого бел байлаганын баса белгиледи.