icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Бишкектеги мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин тизмеси

Бишкектеги мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин тизмеси

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2023-жылдын 12-декабрына карата башкармалык тарабынан сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компаниялардын жана алардын өз билемдик менен жана курууга уруксат кагаздары жок объектилердин тизмесин сунуштайт.

Ошондой эле, КР Мамкурулуш агенттиги Кыргыз Республикасынын жарандарын, соттук териштирүү иштери аяктаганга жана соттун чечими чыкканга чейин аталган объектилерден турак жай сатып албоону сунуштайт.

Бишкекте курулуп жаткан 38 үйдүн тизмеси::

1. Чуйков көчөсүндөгү көп кабаттуу үй. "Элит Хаус строй" ишканасы;

2. Власов, 59 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Джээнбеков Д.А.;

3. Чуйков, 132/2 дареги боюнча курулуп жаткан үй. "Эконом Хаус" компаниясы;

4. Логвиненко, 9 дарегинде курулуп жаткан эки кабаттуу үй. "Гранд Строй инвест";

5. Токтогул — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан 7 кабаттуу үй. Саданбекова М.Н.;

6. Рыскулов, 15 дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Болотбек уулу Э;

7. Токтогул, 132 дареги боюнча курулуп жаткан көп кабаттуу үй. "Элит Центро Строй" (Н-групп);

8. Ажыбек баатыр, 1/1 дареги боюнча курулуп жаткан көп кабаттуу үй. Джусупов Э.Р., "Альянс Курулуш";

9. Манас айылындагы көп батирлүү үй. Абдувалиев Б.;

10. Ахунбав көчөсүндөгү көп кабаттуу үй, Жал-15 кичирайону. "Ак-Шагыл";

11. Севастопольский, 8 дарегиндеги көп кабаттуу үй. "Кыргыз Интер Строй";

12. Фрунзе көчөсүндөгү көп кабаттуу үй, 25-участок, Курманжанова Э.. "Альянс Курулуш";

13. Тыналиев 1/3 дарегиндеги көп кабаттуу үй. "Аалам-Строй";

14. Гагарин, 242 дарегиндеги турак үй. "Алтын Ырыскы";

15. Чимкентский, 28 дарегиндеги көп батирлүү үй. "Асма";

16. Күйүкова, 98 дарегиндеги көп батирлүү үй. Суеркулов М.;

17. Фурманов, 5 дарегиндеги көп батирлүү үй. Арапбаев М. А.;

18. Фрнузе, 132 дарегиндеги көп батирлүү үй. "Турна Девелопмент", "Элит Центро Строй";

19. Курчатов, 107/1 дарегиндеги беш кабаттуу үй. "Айла Строй";

20. 27-линия көчөсүндөгү аз кабаттуу үй. Мирланов Т.;

21. Осмонкул, 170 дарегиндеги төрт кабаттуу имарат. Мизрахи Я.Б.;

22. Фрунзе, 196 дарегиндеги көп батирлүү үй. Джумалиева М.А. ("Эмир Билдинг");

23. Муса Жалил, 132 дарегиндеги көп батирлүү үй. "Умут Билдинг";

24. Ак-Тилек конушундагы Сеченов, 48г/1 дареги боюнча курулуп жаткан төрт кабаттуу үй. "Фартына Иншаат";

25. Байтик баатыр көчөсүндө курулуп жаткан төрт кабаттуу үй. Аманбаев У.;

26. Менделеев көчөсүндөгү көп батирлүү үй. Хасанов Н.;

27. Кулатов (Элебаев менен кесилишет) көчөсүндөгү көп кабаттуу үй. "Элитный квартал" ("Элит Хаус");

28. Юнусалиев, 179 дареги боюнча курулуп жаткан көп батирлүү үй. "Би энд Ви";

29. Кара-Жыгач конушунда Каркыра, 10 көчөсүндөгү үч кабаттуу үй. Айталиева Ж.;

30. Малдыбаев, 14-15 даректериндеги көп батирлүү үй. Конурбаев А.;

31. Горький, 1Б дарегинде курулуп жаткан көп батирлүү үй. "Ново Сити", "Элит Хаус";

32. Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан көп батирлүү үй. "Недвижимость1", "Элит Хаус";

33. Малдыбаев, 69/1-69/2 даректериндеги көп батирлүү үй. Усманов И.А.;

34. Көк-Жар конушунда Кулмурзаев, 153 дареги боюнча курулган эки кабаттуу көп батирлүү үй. Узакбаев С.Ч.;

35. Токтоналиев, 86 дарегиндеги көп батирлүү үй. "Озтопрак";

36. Кулатов, 18 дарегиндеги көп батирлүү үй. "Хан Компани";

37. Туңгуч кичирайонундагы көп батирлүү үй. Шейшеев У.;

38. Көк-Жар конушунда Куйручук 197/1 дарегиндеги көп батирлүү үй. Эргешалы у. Н