icon__chevron-right icon__clock icon__file icon__log-out.svg icon__map-pin icon__phone icon__plus icon__search Ресурс 1 Ресурс 2

Архитектура жана курулуштагы коопсуздук жана сапат: Мамлекеттик экспертиза департаментинин эсептөө жана курулуш башкармалыгынын тегерек столунун жыйынтыктары (МЭД)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында, Мамэкспертиза департаменти уюштуршан конструктордун конструктордук чечимдердин жана инженердик эсептердин маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү.

Жыйын имараттарды жана курулуштарды долбоорлоого байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо жана окутуу максатында өткөрүлдү. Ченемдик-техникалык документтердин сапаттуу камсыздалышына жана долбоордун жетекчисинин жана аткаруучунун ченемдик талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурулду.

Мамэкспертиза департаментинин тиешелүү бөлүмдөрүнүн эксперттери долбоорлоо маселелерин талкуулоо жана экспертизадан өтүү үчүн долбоорлоочуларды кабыл алууга ар дайым даяр.